БИШКЕК. Орус мекендештердин бириккен союзу улуттар арасына от жаккандарды, тилдик жана улуттук жактан өөдөсүнгөндөрдү иликтеп, кылмыш козгоону президент Курманбек Бакиевден суранды. Мындай мазмундагы кайрылууну президентке орус мекендештеринин бириккен союзу 15-ноябрда жолдоду. Кайрылууда «Асаба», «Улуу Биримдик» саясий партияларынын, «Ашар» коомунун орус тилин расмий статустан ажыратып, бир гана расмий тил катары мамлекеттик тилди калтыруу демилгеси сынга алынган. Ал эми октябрь айынан бери жарык көрүп жаткан «Белый пароход» гезитинин журналисттер жамааты орус мекендештеринин бул демилгесин колдоп, орус тилинен расмий макамды алып салуу Кыргызстан менен Орусиянын экономикалык, саясий мамилесин начарлатып, орус тилдүүлөр миграциясынын жаңы толкунун пайда кылаарын белгиледи. Ал эми «Ашар» коомунун төрага орун басары Ракыя Жусупова мындай көз карашты натуура деп санайт. Анын айтымында, бул демилге орус тилине кысым жасоо эмес, кыргыз тилинин өнүгүшүн камсыздоо максатын көздөйт. Кыргызстанда орус тилине расмий макам берүү жөнүндөгү мыйзам 2000-жылы кабыл алынган.