Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

Ооганстанда “ал-Каида” менен Талибан жаңы террордук чабуулдарды даярдап жатканы кабарланууда


Ооганстан менен Европа Биримдиги өнөктөштүк боюнча жаңы келишимге 16-ноябрда Страсбург шаарында жетишти. Документке кол коюуга ооган президенти Хамид Карзай, Европа тараптан Британия тышкы иштер министри Жек Стро, Европа комиссиясынын тышкы иштер комиссары Хавиер Солана катышты. Хамид Карзай бул документ Ооганстан менен Европа Биримдигинин кызматташуусун бекемдөөгө жасалган дагы бир кадам экенин белгиледи. Келишимге ылайык, Европа Ооганстанга жардам берүүнү улантат. Бул максатта Лондондо донорлор конференциясы чакырылмакчы. Ал эми Ооганстандын коргоо министри Абдул Рахим Вардак “ал-Каида” Талибан менен биригип, өлкөдө жаңы террордук чабуулдарды даярдап жатканын Кабулдан билдирди.

XS
SM
MD
LG