Москвадагы Пушкин атындагы музейдин сүрөттөрүн Швейцариядан чыгарып кетүүгө өлкөнүн бийлиги уруксат берди. Француз сүрөтчүлөрүнүн полотнасы Швейцариянын “Нога” фирмасынын талабы менен камакка алынган эле. Бирок мыйзам искусство буюмдарын камакка алууга жол бербейт. Ошондуктан Швейцария бийлиги картиналарды тезинен бошотуу чечимин кабыл алган. Пушкин музейиндеги бул картиналар 1 миллиард долларга камсыздалган. Ал эми швейцариялык “Нога” фирмасы Орусиядан 1990-жылдын башынан бери 680 миллион доллар карызын доолап келет.