Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:59

Баш калаадагы жерлерди ирээтке келтирүү аракеттери көрүлүүдө


БИШКЕК. Атайын комиссиянын иликтөөсү Бишкектен жана чет жакасынан буга чейин жер алгандардын 80 пайыздан ашыгы жер участогун туура эмес алгандыгын тастыктады. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин төрайымы Нуржамал Байболова билдирди. Анын айтымында, шаардык кеңеш 22-ноябрда боло турган сесииясында бул маселени талкуулап, атайын чараларды көрөт. Жакында Бишкек шаарында ЮСАИД жана Урбан институнун колдоосу менен башкалаадагы муниципалдык жерлерди иретке келтирүү долбоору башталат. Бирок буга архитектура жана курулуш башкармалыгы өңдүү тармактар каршы чыгып жатат:

- Буга чейин шаардын жерин жең ичинен чечип көнүп калышкан да. Аябай каршылык көрсөтүп жатышат. Себеби да түшүнүктүү, майлуу кирешесинен ажартып атабыз да, - дейт Нуржамал Байболова.

Башкалаадан буга чейин 10 миңден ашык адамга жер берилген. Бирок жер берүүнү талап кылган адамдардын толкуну дале басыла элек.

XS
SM
MD
LG