ЖАЛАЛАБАТ. Жолугушуунун өзөгүн коңшулаш райондордун тынчтык-ынтымагын бекемдөө, соода-экономикалык жана маданий карым-катышты улантуу ойлору түздү. Чек ара жана бажы мыйзамсыздыктары менен кылмыштуулукка бөгөт коюу жана мал жайыттар менен такталбаган чек ара жайларын биргелешип, өндүрүмдүү пайдалануу, мал жана токой уурулуктарын токтотуу, чыр-чатактуу жагдайларга сабырдуулук менен мамиле жасоо маселеси талкууланды. Наманган облусунун Нанай айылындагы сүйлөшүүнүн натыйжасында Жаңыкоргон районунун акими Аксы аймагынан уурдалган 30 жылкы жана майда жандыктарды ээлерине айып төлөөсүз кайтарууга уруксат берди. Мындай маалымат 17-ноябрда Аксы райондук бийлигинен алынды жана жолугушууга аким Тажимамат Туралиев катышты. Өзбекстандан өткөн мал-жандыктарга айып төлөткөндүктөн кербендиктердин малы уурдалышына түрткү берген деп, райондун тургундары 15-ноябрда акимдин кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.