Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Баш прокуратура ири коррупциялык иштер боюнча тергөөнү бүтө элек


БИШКЕК. Кыргызстандын башкы прокуратурасы мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров тарабынан ири коррупциялык иштер боюнча козголгон бир дагы кылмыш ишин тергеп бүтүп, сотко өткөрө элек. Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси Сумар Насизадан алынган маалыматка караганда, баш прокуратура учурда Аскар Акаевдин мезгилинде 22 миллион долларды алып кетти делинген «Кыргызмунайзат» ишканасынын башчысы Шалкар Жайсанбаев, беш миңден ашуун амантчыны алдап кеткен «Рентон груп» ишкана башчысы Эдуард Пак жана Аскар Акавдин уулу Айдар Акаев боюнча козголгон кылмыш иштерине тергөө жүргүзүүдө.

Парламент депутаттары мындан бир нече ай илгери мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаровдун сунушу боюнча Жогорку Кеңеш депутаты Айдар Акаевге каршы кылмыш ишин козгоо уруксат берген. Ал эми Азимбек Бекназаров жумуштан алынгандан бери эки айдан ашуун убакыт өттү.

XS
SM
MD
LG