АКШ Мамлекеттик катчылыгы бүгүн тараткан маалыматка караганда, өткөн ишемби күнү Алматы шаарында казак оппозициясынын жетекчилеринин бири Заманбек Нуркадиловдун өлтүрүлүшүнүн артында саясий себептер жатат деп айтуу азырынча эрте. Нуркадилов 61 жашта болчу, үч ок тийген анын денеси - Алматыдагы өз үйүндө табылган. Мурда шаар мэри болуп иштеген жана кийин Күтүүсүз кырдаалдар агенттигин жетектеген Нуркадилов акыркы мезгилде президент Нурсултан Назарбаевди катуу сынга алып келген.
Соңку эл аралык кабарларды прагадан Нарын Айып даярдады
Соңку эл аралык кабарларды прагадан Нарын Айып даярдады