Франция полициясынын айтымында, өлкө шаарларындагы түңкү тополоңдор басаңдай баштады. Бүгүн түндө ар башка шаарларда бардыгы болуп 98 машине өрттөлдү, 6-ноябрда болсо 1400 андай окуя болгон. Полициянын айтымында, баш-аламандык баштала электе деле ар түн сайын өлкө боюнча жүзгө жакын машине өрттөлчү. Анткен менен кечээ күнү өлкө парламенти - тартип бузуулар болгон шаарлардын жетекчилерине түнкү тартип эрежесин киргизүү укугун үч айлык мөөнөткө берди.