Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:32

Ирактын абактарындагы туткундар сабалган деген маалыматтар боюнча тергөө башталды


Ирактын ички иштер министри Баян Жабр бүгүн тараткан маалыматка караганда, Багдад шаарындагы жашыруун абакта кармалгандар сабалган деген сөздөр аша чапкандык. Министрдин айтымында, азыр абакта кармалган беш адам ал тууралуу арызданган жана эгер туткундарды сабагандар табылып-аныкталса, алар жазаланат. Премьер-министр Ибрагим ал-Жаафари бул маселе боюнча тергөө баштоого буйрук берди, бирок сунни мусулмандарынын жетекчилери иликтөөнү эл аралык деңгээлде өткөрүүнү талап кылууда.

XS
SM
MD
LG