Ооганстандагы америкалык аскерлердин жетекчилиги бүгүн тараткан маалыматка караганда, өлкөдө кызмат өтөгөн эки америкалык аскер жазаланат. Аларга каршы мурда - Урузган провинциясындагы абакта кармалган туткундарды июлда сабаган деген күнөө коюлган. Жетекчиликтин айтымында, сабоо менен байланыштуу эч ким медициналык жардамга муктаж эмес, бирок кандай болбосун тартип бузуу жазаланууга тийиш. Эгер аскерлер күнөөлүү деп табылса, алар эркинен ажыратылууга кесилиши мүмкүн.