Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:59

Аба ырайы


БИШКЕК. 19-ноябрда Кыргызстандын аймагы боюнча күн ачык болот. Чүй, Талас облустарынын айрым жерлерине туман түшүп, түндүк-чыгыш тараптан мелүүн жел жүрүп турат.

Талас жергесинде абанын температурасы түнкүсүн -2ден...-7 градуска чейин суук, күндүз +7...+12 градус жылуу болот. Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн -1...-6 градус суук, күндүз +9...+14 градус жылуу. Жалалабат, Баткен, Ош чөлкөмдөрүндө түнкүсүн -2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу, күндүз +10...+15 градус. Ал эми Ысыккөл ойдуңу боюнча түнкүсүн -1ден...-6 градуска чейин суук болот, күндүз +5...+10 градус жылуу болушу күтүлөт. Тоолуу Нарында түнкүсүн -7...-12 градус суук, күндүз +5...+10 градус жылуу.

Борборубуз Бишкекте түнкүсүн жана таңга маал түман түшүшү күтүлөт. Жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: түнкүсүн -3...-5 градус суук, күндүз +11...+13 градус жылуу болот деп билдиришет, Кыргызстандын синоптиктери.

Кабарлар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG