БИШКЕК. 18-ноябрда Ош шаарынан 50 чакырым алыстыктагы Алай тоо кыркасында 4 балл күчүндөгү жер титирөө катталды. Ал эми Ош шаарында анын күчү 3 баллды түздү. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
2005-жылы Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен 20га чукул жер титирөө катталган.
2005-жылы Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен 20га чукул жер титирөө катталган.