Линктер

дүйшөмбү, 17-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 23:28

“Манас” эпосунун толук варианты чыгарылат


БИШКЕК. Залкар манасчылар Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин толук варианты боюнча “Манас” эпосу басмадан чыгарылат. Буга байланыштуу президент Курманбек Бакиев 3 млн. сом бөлдүрдү. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Манас таануу жана көрөкө өнөр борборунун жетекчиси Абдылдажан Акматалиев 18-ноябрдагы маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Манас эпосу 180 миң 378 саптан турат. Басмадан мурда чыгарылган вариантында болгону 57 миң сабы эле киргизилген. Ал эми Саякбай Каралаевдин вариантынын үчтөн бир бөлүгү басмадан жарык көргөн. “Манас” эпосунун академиялык басмасынын негизги максаты - кыргыз элинин кайталангыс каада-салтын, үрп-адатын ачып көрсөтүү менен бирге эпостун толук үлгүсүн жарыкка чыгаруу.
XS
SM
MD
LG