Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:01

Токтогулдун Сарыкамыш айылы сырт дүйнөдөн бөлүнүп калды


ЖАЛАЛАБАТ. Райондун борборунан 150 чакырым ыраак жайгашкан Сарыкамыш айылындагы жашоочулардын абалы жергиликтүү бийликти тынчсыздандырууда. Тоолордун кучагында турган айылда 415 түтүн калк жашайт. Айылга Токтогул шаарчасынан баруучу жолду жазгы жер көчкүдө 1 миллион чарчы метр топурак басып калган, жер көчкү урандыларынан жол толук тазаланбагандыктан унаа каражаттары учурда айылга бара албай калды. Сарыкамыштыктар бир таман жол аркылуу жөө, атчан же эшек менен жүрүшөт. Айылдыктардын районго келүү үчүн Нарын облусунун Жумгал району, же Ош-Бишкек жолу менен айланып келүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок. Кимдир-бирөө ооруп, же кош бойлуу аялдар төрөөчү болсо, жергиликтүү кызматтар аларга кантип жардам көрсөтөөрүн билишпейт. Токтогул-Сарыкамыш жолун транспорт министрлигинин карамагына алуу маселеси улам кечеңдөөдө. Айылды электр жарыгы менен камсыздоо бир айда араң чечилди. Мындай маалымат Токтогул райондук бийлигинен 18-ноябрда алынды.

XS
SM
MD
LG