БИШКЕК. Борбор Азия жана Орусия аймагындагы эмгек мигранттары менен көчүп-конуучулардын укук-милдеттерин кепилдеген мыйзамдардын абалы Бишкекте 19-ноябрда өтө турган парламенттер аралык отурумда талкууланганы жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин миграция иштери боюнча комиссиянын төрагасы Кубанычбек Исабеков билдирди. Анын айтымында конференция аталган аймактарда жайгашкан мамлекеттердин мыйзамдарын жалпылаштыруу максатын көздөйт. Конференцияга катышуу үчүн жума күнү кечинде Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан парламент өкүлдөрү Бишкекке келишти.