Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Каракечедеги ишканалар акционердик коомго биригет


БИШКЕК. Каракече көмүр кениндеги ишканалар акционердик коом болуп түзүлөт. Анын 51% контролдук пакетине мамлекет ээлик кылат. Бул тууралуу премьер-министр Феликс Кулов акыйкатчыга жолдогон катта билдирген. Анда Жумгал районунун социалдык-экономикалык проблемаларын чечүү, 2006-2007-жылы Каракече-Дыйкан, Кызарт-Чаек автожолун оңдоо маселеси каралган. Мындай маалыматты Акыйкатчынын басма сөз кызматы 18-ноябрда таратты.

Буга чейин кыргыз акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу Каракече көмүр кениндеги маселени тез аранын ичинде чечүүнү өтүнүп, премьер-министр Феликс Куловго кайрылуу жолдогон.

XS
SM
MD
LG