Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкерлердин саны эки миңден ашты


БИШКЕК. 18-ноябрга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына - айыл, шаар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жетекчилгине 2030 талапкер катталды. Алардын 1875и эркек, 155и аял. Алыскы аймактар менен байланыш начар болгондуктан, бул көрсөткүч өзгөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Талапкерлерди көрсөтүү 12-ноябрда аяктаган. Шайлоо кодексине ылайык, талапкерлерди каттоо 22-ноябрда соңуна чыгат. Өлкө боюнча 483 айыл өкмөтү бар. Бул жолу 369 айыл өкмөтүндө шайлоо өткөрүлөт. Жалпысынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жетекчилерин шайлоого өлкө бюджетинен 15 миллион 343 миң сом бөлүндү. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жетекчилерин шайлоо 18-декабрда өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG