Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Оңчул маанайдагы 18 саясий партия бир пикирге келишкенин жарыялашты


БИШКЕК. Кыргызстандын юстиция министрлигинде каттоодо турган 64 саясий партиянын ичинен оңчул көз караштагы 18 саясий партия бирикме түзүү максатын көздөп жатат. Алардын келерки парламенттик шайлоодо бир саясий блок катары катышуу ою бар. Бул тууралуу 18-ноябрда өткөн маалымат жыйынында аталган партиялардын өкүлдөрү маалымдашты. Анда белгиленгенге караганда, партиялардын бирикмесин расмий түзүү максатын көздөгөн конференция 11-декабрда өтөт. Лидерлердин айтымында, мындай демилгенин көтөрүлүшүнө Конституциялык реформанын алкагындагы бир катар олуттуу маселелерде тараптардын бир пикирге келиши себеп болду. Алардын катарында өлкөнү 2010-жылга чейин президенттик-парламенттик башкаруу, 2010-жылдан баштап парламенттик башкарууга өткөрүү, орус тилинен расмий статусту алып, кыргыз тилин мамлекеттик тил катары калтыруу, президенттен, депутаттардан кол тийбестикти алып салуу маселелери бар. Бир пикирге келген партиялардын катарында «Эркиндик», «Эрк», «Асаба», «КДК», «Эл мурас», «Жашылдар» өңдүү партиялар аталууда.

XS
SM
MD
LG