Украин парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Нурсултан Назарбаев Россия, Беларус, Казакстан жана Украина отосундагы биргелешкен экономикалык мейкиндикти түзүүнү ыкчамдатуу керектигине басым жасады. Мурдагы советтик төрт жумурият биргелешкен салык, бажы, транспорт, тарифтер системасын түзүү тууралуу эки жыл мурун макулдашышкан эле, бирок анын ишке ашырылышы кечеңдеп келатат. Украина мындай шериктештик өлкөнүн Евробиримдикке кирүү мүмкүнчүлүктөрүнө доо кетирет деп чочулоодо. Бүгүн кечинде Назарбаев украин мамлекет башчысы Виктор Ющенко менен жолугушат.