Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:08

ЕККУ өкүлү Жалалабадда


ЖАЛАЛАБАТ. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Оштогу бөлүмүнүн өкүлү Рустам Ахматакунов облустагы кыргыз-өзбек чегарасындагы кырдаалга жана саясий партиялардын абалына кызыкты. Ал облустун Базаркоргон, Сузак, Ноокен райондорун кыдыруу менен өзбек чегарачылары тарабынан мыйзам бузуулар арбын болорун байкаганын билдирди. ОБСЕнин өкүлү маалымдагандай, өзбек чегарачылары аныкталбаган чегара аймактарындагы жер ресурстарынан пайдаланууга жана мал жандыктарды багууга мүмкүндүк беришпейт. Турак-жай курулуштары үчүн бейтарап аймактардан алынган кум, шагыл, таш жана оттоп жүргөн мал, кой, жылкылар үчүн айып пул төлөөнү талап кылышат. Облуста саясий жети партиянын өкүлдөрү болгону менен алардын эл ичиндеги таасири төмөн. Облуста жердешчилик жана тууганчылык адаттары күчтүү.

XS
SM
MD
LG