БИШКЕК. Ишембиде Бишкектеги Биринчи май райондук соту №8 Түндүк шайлоо чөлкөмү боюнча Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкер Мухидин Рустенбековдун арызын кароону баштады. Анда аталган округ боюнча дагы бир талапкер Жаныш Кудайбергенов тарабынан үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузуулар орун алгандыгын териштирүү суралган. Бирок сот жараянына төрагалык кылган судья Бекболот Жаналиев бул ишти кароону 21-ноябрга жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Дүйшөмбүдө улана турган соттук териштирүүгө Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү да катышаары күтүлүүдө. Аталган округ боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо 27-ноябрга белгиленген.