БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы 20-ноябрдагы отурумунда №8 Түндүк шайлоо чөлкөмүнөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин арызы боюнча жумушчу топтун маалыматын укту. Анын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы Түндүк округдук шайлоо комиссиясынын 13-ноябрдагы чечимин жокко чыгарган токтом кабыл алды. Бул токтомдо, талапкер Жаныш Кудайбергенов үгүт баракчаларында Кыргыз Республикасынын гербинин сүрөтүн пайдалануу менен “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору тууралуу” мыйзамдын 15-беренесин бузгандыгы белгиленип, аталган талапкерге үгүт материалдарында мындан ары андай мыйзам бузууларга жол бербөө тууралуу эскертүү берилди. Ошондой эле округдук шайлоо комиссиясына Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү жана прокуратурасы менен биргеликте эки күндүн ичинде гербдин сүрөтү түшүрүлгөн үгүт материалдарын алуу милдети тапшырылды.
Буга чейин талепкерлер Отунбаева, Каракулов, Керимбеков, Рустембеков дагы бир талапкер Кудайбергенов үгүт материалдарында мамлекеттик герб, желектин сүрөттөрүн пайдаланып жатат деген доо коюшуп, аталган талапкерди катардан чыгаруу талабын коюшкан. 13-ноябрда бул маселени караган округдук шайлоо комиссиясы мындай арызды негизсиз деп тапкан.