Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:18

АКШ Кыргызстанда экологиялык зыяндардын тастыкталышын каалайт


БИШКЕК. Америка Кошмо Штаттары кыргыз өкмөтүнөн Ганси авиабазасында жайгашкан америкалык аскерий учактар төккөн күйүүчү майдан адамдардын жана экологиянын жабыркагандыгы тууралуу далилди сурап жатат. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованоич «Общественный рейтинг» гезитине берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, АКШ бардык учурларда, бардык шарттарда эл аралык стандарттарды сактап келген, ошондуктан, зыяндарга компенсация төлөгөн эмес. Ал эми Кыргызстан менен базага байланыштуу келишим кайра каралып жаткан шартта далил өтө зарыл, деп эсептейт элчи.

Жергиликтүү тургундардын билдирүүлөрүнө таянган бир катар бейөкмөт уюмдар авиакеросиндин төгүлүшүнөн экология жана адамдар жабыркап жаткандыгын айтып келатышат. Ал эми кыргыз өкмөтү Ганси базасын жайгаштыруу акысын кайра кароо демилгеси менен чыгып, жаңы долбоор иштеп чыкты. Бул долбоордо экологиялык зыяндарга компенсация төлөө жагы да каралган.

XS
SM
MD
LG