Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган күрттөр козголоңу күчөп бараткан өлкөнүн түштүк-чыгыш аймагына сапарлап барды. Жекшембиде бул аймакта соңку эки жума ичинде төртүнчү күрт козголоңчусу набыт болгон. Алар көчөгө чыккан эл менен полициянын кагылышуусу маалында мерт болушту. Күрт демонстранттар Стамбулда да полиция менен тиреше кетип, машинелерге өрт коюшкан, натыйжада 12 киши камакка алынды.