БИШКЕК. Айрым басма сөз каражаттарында Кыргызстан дин башкармалыгы жөнүндө туура эмес чагылдырылган маалыматтар негизсиз. Бул тууралуу муфтий Мураталы ажы Жуманов 21-ноябрда өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Орозо айында битир-садагадан 600 миң сомго чукул акча каражаты чогулган. Анын 50 пайызы мечитке, 10 пайызы казыяттарга, калган 40 пайызы кайрымдуулук иштерине жумшалат.
Ал эми муфтийдин жардамчысы Лугмар ажы Гуахунов жылына Меккеге ажылыкка сыйынууга 4 миң 500 адамга орун берилерин, ушунча сандагы адам Мусулмандардын диний башкармалыгынын штабы тарабынан виза алышарын билдирди. Гуахунов ажыга баруучулар менен атайын уруксат кагазы бар адамдар иш алып бара тургандыгын, алардан башкалар үчүн Мусулмандардын диний башкармалыгы жоопкерчилик ала албастыгын белгиледи.