БИШКЕК. Каракече көмүр кенинин мурдагы кожоюндарынын арызынын негизинде, 21-ноябрда Бишкек райондор аралык сотто Каракече көмүр кенинин айланасындагы жагдай териштириле баштады. Ушул жылдын жайында «Жоомарт» элдик-патриоттук кыймылынын төрагасы Нурлан Мотуев «Акулак» мамлекеттик акционердик коомунун жетекчилигине дайындалып, бул мурдагы ээлик кылуучу беш ишкананын жетекчилеринин нааразылыгын жараткан. Мотуевдин бул кызматка келишине ал баштаган топтун көмүр кенинде нааразылык акциясын уюштурушу негиз берген. Мотуевди бул кызматка дайындаган «Көмүр» мамлекеттик ишканасынын төрагасы Пайзуллабек Рахманов жакында президенттин буйругу менен кызматтан алынды. Ал эми кыргыз өкмөтү Каракече көмүр кенинин 51 пайызын өкмөттүн карамагында болушуна кызыкдар болуп жатат. Буга чейин Каракечеге «Акулак», «Бешсары», «Демилге», «Акжол» жана «Шарбон» аттуу ишканалар ээлик кылып келишкен.