БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиевдин 18-ноябрдагы жарлыгына ылайык, Жалалабад облусунун Аксы райондук мамлекеттик администрация башчысынын милдетин аткаруучу Тажимамат Туралиев өзүнүн жазган арызына байланыштуу кызматтан бошотулду. Ал эми өлкө башчысынын ушул эле күнкү жарлыгы менен Аксы райондук мамлекеттик администрация башчысынын милдетин аткаруучу болуп Токтогул Акиров дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан 21-ноябрда билдиришти.