Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Башкы прокурор ички иштер, коопсуздук кызматтарын сынга алды


БИШКЕК. Башкы прокурор Камбаралы Конгантиев март окуясынан кийин күч алган мыйзамсыз акцияларга өз учурунда кескин чара көрбөгөндүгү үчүн коопсуздук, ички иштер кызматтарын, жергиликтүү бийликти сынга алды. Башкы прокрурордун айтымында, өткөн алты ай ичинде массалык тартип бузган 11 гана адам кармалган, алардын экөө 17-июндагы окуя менен байланыштуу кармалышкан. Жарандык баш ийбөөчүлүк акцияларынын катарына Конгантиев Аксы районундагы акцияларды кошуп, эл шайлаган президент Курманбек Бакиевдин кызматтан кетишин талап кылуу өңдүү мыйзамсыз мындай акциялар күчөй берсе жөө жүрүштөрдүн, баш аламандыктардын жаңы толкуну башталат, деп эсептеди. Ошондуктан, Конгантиевдин оюнда, өлкөнү баш аламандыкка алып келүүчү жагдайларды алдын алуу үчүн ички иштер, коопсуздук кызматтарынын бөлүмдөрүн чыңдап, мыкты кадрлар, техникалык каражаттар менен жабдуу керек.

XS
SM
MD
LG