Улуттар Уюмунун элчиси Марти Ахтисаари бүгүн Косовонун байтакты Пристинага келет. Финляндиянын мурдакы президенти Ахтисаари провинциянын келечек статусу боюнча сербер жана жергиликтүү албан көпчүлүгү ортосундагы сүйлөшүүгө арачылык кылат. Косовонун калкынын 90 процентин түзгөн этникалык албандар провинция Белграддан күнкорсуз болуусун каалашат. 1999-жылы НАТОнун аскерлери Косоводон серб күчтөрүн сүрүп чыккандан бери, чөлкөм Улуттар Уюмунун башкаруусунда.