Чеченстандын чыгышында жекшемби күнү болгон айкашта полициянын эки кызматкери жана бир офицер курман болду. Чеченстандын ички иштер министрлигинин маалымдашынча, лашкер башчы Леха Асхабов жана бир нече согушчан курчоодон аман-эсен чыгып кеткен. Согушчандар түштүктөгү Ведено районунда Ички иштер министрлигинин бекетине кол салышып, бир аскерди жарадар кылышкан.