Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Орусия, Борбор Азия жана Иранда СПИД тез көбөйүүдө


Улуттар Уюму бүгүн Жаңы Делиде жарыялаган докладга караганда, азыр Чыгыш Европа менен Борбор Азияда СПИД жуккан 1, 6 миллион кесел бар. Алардын 270 миңи илдетке 2005-жылы чалдыккан. Орусияда ВИЧ инфекциясын жугузуп алган баңигелер жыныстык катнаш аркылуу СПИДди жайылтышууда. Өлкөдө 340 миң баңги катталган. Бирок иш жүзүндө алардын саны 10 эсеге көп, деп айтылат БУУнун докладында. Ошондой эле Өзбекстан СПИД өтө тез жайылып бараткан өлкө катары, Иранда коркунучтуу дарт абакта отурган баңгилер арасында кеңири жайылганы белгиленген.

XS
SM
MD
LG