Израилдин премьер-министри Ариэл Шарон жаңы либералдуу партия түзүп, элдин тынчтыкка болгон үмүтүн бекемдээрин билдирди. “Ликуд” партиясынын башчылыгынан кетип жатканын жарыялаган Шарондун Газа тилкесинен Израил аскерлери менен көчмөндөрүн алып чыгып кетүү чечимине көптөгөн партия мүчөлөрү каршы чыгышкан. Өзү 1973-жылы түптөгөн “Ликуд” партиясында кала берүү - саясий талаштардан чыга албай, убакытты текке кетиргенге барабар, - деп белгиледи Шарон.