Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Бириккен Улуттар Түркмөнстандагы абалды катуу сынга алды


Бириккен Улуттардын Жалпы ассамблеясынын Социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комитети кечээ күнү атайын чечим кабыл алып, Түркмөнстандагы абалды катуу сынга алды. Комитеттин айтымында, түркмөн жетекчилиги өлкөдөгү бардык маалымат каражаттарын цензуралайт, саясий уюмдарды куугунтуктайт жана Түркмөнстандын сот системасы дагы жазалоо багытында иштейт. Өкмөт сөз эркиндигине жол бербейт жана диний азчылыктар да куугунтукталат, ошондуктан түркмөн жетекчилиги андай аракеттерди токтотуп, адам укуктарын бузгандарды жазалоого тийиш.

XS
SM
MD
LG