Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:38

Ангела Меркел - канцлер


Алмания парламентинин ылдыйкы палатасы бүгүн Ангела Меркелди өлкөнүн жаңы канцлери кылып шайлады. Добуш берүү аяктагандан кийин Алмания өкмөтүн алгачкы жолу аял жетектей турганын спикер Норберт Ламмерт жарыялады:

- Ушуну менен депутат Ангела Меркел добуштардын талаптуу көпчүлүгүн чогултуп, Алмания Федералдык Республикасынын тарыхында канцлерликке шайланган биринчи аял болду.

Андан соң Меркел президент Хорст Көллердин алдында ант берди. Парламенттик шайлоо Алманияда мындан эки ай мурда өткөрүлгөн, утулган канцлер Герхард Шрөдердин партиясы болсо жаңы өкмөт түзүүгө Шрөдерсиз кызуу катышты.

XS
SM
MD
LG