Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:58

Ош облусунун прокуратурасы мамлекетке келтирилген 9 млн. сомдук зыяндын ордун толтурду


ОШ. Бул боюнча билдирген Ош облусунун прокурору Анарбек Калматов тогуз ай ичинде 172 объект текшерилип, анын натыйжасында 91 кылмыш иши козголгондугун, 120 факт боюнча прокурордук эскертүү актылары катталгандыгын кабарлады. Прокурор Анарбек Калматов мыйзамсыз менчиктештирилген баасы 3 млн. сомдук алты объект жана 300 гектар жер мамлекетке кайрадан кайтарылып берилгендигин айтуу менен учурда аталган кылмыш иштери сотко өткөрүлгөнүн белгиледи. Мындан сырткары Ош облустук прокуратура кызматкерлери тарабынан бюджеттик каражаттардын максатсыз пайдалангандыгы боюнча 32 кылмыш иши козголуп, мамлекетке келтирилген 2 жарым миллион сомдук зыяндын орду толтурулган. Анткен менен “Мыйзамдуулукту коргоо” жана “Марттагы элдик ыңкылап” коомдук бирикмелери Ош облустук прокуратурасынын жогоруда аталган маалыматын кезектеги реклама катары баалашарын, ири коррупциялык иштердин али бети ачылбай тургандыгын белгилеген билдирүү таркатышты.

XS
SM
MD
LG