БИШКЕК. Жер титирөөдөн жабыр тарткан Пакистан калкына медициналык жардам көрсөтүү үчүн 28-ноябрда аталган өлкөгө өз ыктыяры менен жөнөп кеткен Кыргызстандык 15 дарыгер Мекенине кайтып келишти. Алар 22-ноябрда маалымат жыйынын өткөрүп, Пакистанда болгон үч жума аралыгында жер титирөөдөн жапа чеккен эки жарым миңдей кишиге жардам көрсөткөнүн белгилешти. Бул топтун курамына медициналык жогорку жана биринчи категориясы бар ар кайсы багыттагы дарыгерлер кирген. Алар Түркия, Босния, Малайзия жана Кубадан барган дарыгерлер менен биргеликте Пакистан калкына жогорку деңгээлде жардам көрсөтө алышкан. Натыйжада Пакистан өкмөтү мындай көмөгү үчүн Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлигине ыраазылык кат жолдогон.