Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Түндүк окуругундагы талапкерлер соттошууда


БИШКЕК. Бишкек шаарындагы №8 Түндүк шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер Жаныш Кудайбергенов өзүнүн үгүт материалдарында мамлекеттик символдор болгон туу менен гербдин сүрөттөрүн пайдалана алат, деген сот чечими мыйзамсыз. Мындай пикирин 22-ноябрда аталган округдан дагы бир талапкер, арыз ээси Мухитдин Рустенбеков «Азаттыкка» билдирди. 21-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Бекболот Жаналиев талапкер Рустенбековдун арызын канааттандырган эмес. Рустенбеков эми аппеляциялык арызы менен Жогорку сотко кайрылмакчы. Ал эми Кудайбергеновдун ыйгарым укуктуу өкүлү Табылды Орозалиев билдиргендей, сот туура чечим кабыл алды. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы бул маселени карап, мамлекеттик символдор пайдаланылган үгүт материалдарын алып салуу жөнүндөгү токтомун кабыл алган. Сот бул токтомду жокко чыгарды. 22-ноябрда Биринчи май райондук сотунда талапкерлер Р. Отунбаеванын жана М. Рустенбековдун Кудайбергеновдун талапкерлиги үчүн мамлекеттик кызматкерлер үгүт иштерине катышып жатат, деген арызы да карала баштады.

XS
SM
MD
LG