БИШКЕК. 22-ноябрда бир катар өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилери, атап айтсак Сауд Арабиянын, Грекиянын, Мексиканын, Грузиянын, Украинанын Венгриянын, Кипрдин жана Ирандын Кыргызстандагы элчилери ошондой эле Европа Комиссиясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы президент Курманбек Бакиевге ишеним грамоталарын тапшырышты. Аталган өлкөлөрдүн элчилеринин Кыргызстандагы элчилик миссиясынын расмий түрдө башталышы менен куттуктаган президент Бакиев Кыргызстан бул өлкөлөрдүн баары менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле өкмөт алдындагы милдеттерге токтолуп, жаңы бийликтин алдында биринчи кезекте жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу, коррупцияга каршы күрөшүү жана Кыргызстандын демократиялык, социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсү үчүн зарыл шарттарды түзүү милдеттери турганын белгиледи. Мындан сырткары чет элдик инвесторлорду тартууга, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өлкөдө жетишээрлик мүмкүнчүлүктор бар экенин айтып, бул ишке элчилердин жигердүү катышуусуна үмүт артаарын билдирди. Мындай маалыматты ушул эле күнү президенттин басма сөз кызматы таратты.