Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

БЫЙЫЛКЫГА – САЯСАТ, ЭМДИГИ ЖЫЛГА - ЭКОНОМИКА


Саясий активдүүлүктүн күүсүнөн чыга албаган Кыргызстандын экономикалык өсүшү башта белгиленген чекке быйыл чыга албай калды шекилдүү. 10 айдын ичинде реалдуу өсүш 1,3 пайызга араң жетип, өнөр жай өндүрүшүнүн теңине жакынын түзчү «Кумтөр» алтын кенинде иш жайлап калды. Өкмөт эмдиги жылкы ички дүң продукт өндүрүшүнүн реалдуу өсүшүн 8 пайызга жеткирүүнү көздөөдө. Ал үчүн биртоп ишканаларды ишке киргизип, салык жеңилдиктерин берип, «көмүскө экономиканы» коңулдан чыгаруу үчүн болгон шартты түзүү зарыл.

Кыргызстандын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров 23-ноябрдагы өкмөт жыйынында жаздан бери токтолго таппай келаткан саясий башаламандыкка карабай, макроэкономикалык туруктуулук сакталганын белгиледи.

- Жыл башынан берки иштин негизги натыйжасы экономикадагы кескин төмөндөө коркунучун жоюп, макроэкономикалык туруктуулукту сактап калуу болду. Кумтөрдөгү өндүрүштүн 25% төмөндөп кеткенине карабастан, бизде инфляция төмөн деңгээлде кармалууда, сомдун курсу туруктуу сакталып, ички дүң продуктту эсепке албагандагы реалдуу өсүш 1,3% түздү.

Министрдин айтымында, экономиканы туңгуюкка түшүүдөн тейлөө, курулуш, өнөр жай өндүрүшү сактап калды. Өкмөт өзгөчө үмүт арткан айыл чарбасы быйыл башта белгиленген чекке чыга албады. Энергетика тармагындагы кризистик абал кайрадан күчөй баштады. Буга кошумча көмүр казып алуу да кыйла төмөндөп кетти, анын себеби революциячыл «Каракечеге» байланыштуу экени жалпыга маалым.

Өнөр жайда деле абал чеке жылытарлык эмес. «Кумтөрдө» алтын казып алуунун кыйла азайышынын айынан тармактын көрсөткүчү мурдагыдан 9% төмөн болду. Канттагы цемент-шифер комбинатынын, Токмоктогу «Интерглас» айнек заводунун токтоосуз иши жалпы көрсөткүчтү алдыга сүрөп кете албады. Көңүл сооротчу жагдай, бул жылы сырттан инвестиция өткөн жылга салыштырмалуу 33% арбын келди.

2004-жылы тикелей инвестиция 102 миллион долларга жетсе быйыл ал 136 миллион долларга чыкты. Дагы бир көңүл жубантчу жагдай, быйылкы 10 айдын ичинде өткөн жылдагыдан кыйла арбын салык чогултулду, бажы төлөмдөрүнөн казынага акча көбүрөөк түштү. 10 ай ичинде мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө 18 миллиарддан ашуун сом акча түштү.

Өкмөттүн көңүлүн өйүгөн маселе ушу тапта бюджет таңкыстыгын жабыш амалы болууда. Ал четтен келген грант акчалардын эсебинен толтурулат. Эларалык валюта кору бюджетти колдоо программасына бөлүнчү акчаны эки шарт менен -энергетикадагы жоготууларды азайтуу, уурдоолорду тыюу же электр акысын көбөйтүү талабын коюп, бөлүшкө макул. Ошол себептүү парламент депутаты кезинде тармакты жеке колго берүүгө каршы чыккан азыркы президент Курманбек Бакиев кысталыш кырдаалдан чыгуунун жападан-жалгыз жолу бөлүштүрүү компанияларын жеке колго берүү зарыл деп отурат:

- Муну концессияга, жеке колго берүү керек, бүттү. Жеке колго бергиче биз, Ф. Кулов экөөбүз, ал жерде тартип орното албайбыз. Муну мен ачык эле айталам. Бул жерде отургандардын деле арасында электр уурдагандар отурат. Жакындары, туугандары, кесиптештери уурдашат. Уурулук ушунчалык жайылып кетти, жарлык, буйрук менен эч нерсе кыла албайсың.

Энергетика тармагындагы уурдап-тоноолор, техникалык жоготуулар быйылкы жылы мурдагысынан көбөйүп, бөлүштүрүү компанияларын жеке колго берүүдөн башка амал калбаганын өкмөт башчы Феликс Кулов да моюнга алды:

- Мына көбөйүп атат. Эми эмне кылыш керек? Эларалык валюта кору тарифтерди көбөйткүлө же уурдоолорго каршы күрөшкүлө деп шарт коюп жатат. Эгер биз уурдоолорду азайтсак, анда айла жок, тарифтерди көбөйтүүгө мажбур болмокпуз.

Электр энергияларын бөлүштүрүү компанияларынын ичинен эмдиги жылкы экспериментке «Түндүкэлектр» акционердик коому туш келүүдө. Өкмөт энергетика тармагын менчиктештирүүнү улантып, эмдиги жылы биртоп өнөр жай ишканаларынын курулушун, токтоп турган 16 заводду, ага кошуп азырынча коңулда турган кийим тигүү тармагын ачыкка чыгарууну көздөөдө. Өнөр жай өндүрүшүн жандантуу, салык жеңилдиктерин берүү экономикалык өнүгүшкө өбөлгө түзүп, 8% өсүштү камсыз кылмакчы. Акылбек Жапаров эгер 8% экономикалык өсүш камсыз кылынса Кыргызстандын ички дүң продуктунун көлөмү 1,5 эсе көбөйөөрүн маалымдады.

XS
SM
MD
LG