БИШКЕК. “Менин өлкөм” саясий партиясынын баш кеңсесинде Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын “Кыргызстанда демокаратиялык шайлоону колдоо” долбоорунун алкагында эл аралык экперт Патрик Бредли менен аталган саясий партиянын координатору Галина Куликова шайлоо кампаниясындагы саясий партиялардын проблемаларын талкуулашты. Ошондой эле Кыргызстандагы саясий партияларга БУУнун Өнүктүрүү программасынын жардам көрсөтүүсү талкууланды. Бул тууралуу “Менин өлкөм” саясий партиясынын басма сөз кызматынан 23-ноябрда билдиришти.