Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

“Центерра голд” барскоондуктардын талабын аткара баштады


БИШКЕК. Барскоондогу “Карек” бейөкмөт уюмунун лидери Эркингүл Иманкожоева билдиргенге караганда, канадалык компания барскоондуктарга узак мөөнөттөгү кредит катары акча бере баштады. Бирок аталган ишкана бул каражатты компенсация деп атагандан коркуп атат:

- Компенсация дегенде моюнга алган болуп калабыз, деп коркуп атышат. Ошондуктан ойлонуп отуруп, үстөксүз ссуда деп аташыптыр. 10 жылдай убакыт өткөндөн кийин аны өздөрү акырын жоюп ийишет окшойт. Эл болсо аны кайра төлөбөйт, ага жол бербейбиз.

10-ноябрдан 19-ноябрга чейин Бишкек-Кумтөр жолун бууп алган беш айылдын элинин талабы боюнча канадалык компания “Кыгызалтын” акционердик коомунун эсебине 1 миллион АКШ долларын которду.Эми бул каражатты беш айылга тегиз бөлүштүрүү үчүн атайын комиссия түзүлүүдө. Барскон кырсыгында жапа чеккен беш айылдын тургундары 1998-99-жылы алынбай калган түшүмү үчүн канадалыктардан 3 миллион 700 миң АКШ долларын талап кылышкан. “Центерра голд” компаниясы бул каражатты 2006-жылдын март жана август айларында эки бөлүп төлөп берүүнү убада кылып жатат.

XS
SM
MD
LG