Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Бишкектеги өзбекстандык журналисттер пикетке чыгышты


БИШКЕК. Бишкектеги Германия элчилигинин алдына Кыргызстанда убактылуу жашап жүргөн өзбекстандык төрт журналист жана жергиликтүү укук коргоочулар пикетке чыгышты. Алар колдоруна “Эмне үчүн Европа Биримдигинин санкциялары аткарылбайт”, “Закир Алматов - Ислам Каримовдун баш кесери” деген өңдүү плакаттарды кармап турушту. Пикетчилер Германияда дарыланып жаткан Өзбекстандын ички иштер министри Закиржан Алматов эмне үчүн өлкөдөн чыгарылбай жаткандыгын түшүндүрүүнү Германиянын элчисинен талап кылышты. Укук коргоочу Хайт Кузиевдин айтымында, Германия Европа санкциясын аткарабаса, анда Өзбекстандагы Германиянын аскердик базасы чыгарылышын талап кылышмакчы.

Европа Биримдиги өткөн аптада Өзбекстанга эмбарго жарыялап, Европа өлкөлөрүнө киргизилбей турган 12 адамдын атын атаган. Анын ичинде учурда Германияда дарыланып жаткан Өзбекстандын ички иштер министри Закир Алматов да бар.

XS
SM
MD
LG