Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:55

Үгүт өнөктүгү башталды


БИШКЕК. 23-ноябрдан тарта айыл-кыштак жана райондук маанидеги шаар башчыларын шайлоодо үгүт өнөктүгү башталды. Ага катышууга БШК тарабынан 49 массалык маалымат каражаттары катталган. Бул шайлоодо ат салышуу үчүн 2035 талапкер көрсөтүлсө, анын 156сы аял. Шайлоо кодекси боюнча жергиликтүү өзүн өзү башкаруу башчылыгына 25 жаштан 65 жашка чейинки Кыргызстандын атуулу катышат жана ал мамлекетке 5 миң сом өлчөмүндө күрөө төлөйт. 18-декабрда боло турган бул шайлоону өткөрүүгө мамлекеттик казынадан 15 миллион сомдон ашык каражат сарпталганы турат. Республика боюнча 489 айыл өкмөтү жана шаар башчылыгы бар.

XS
SM
MD
LG