Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

“Түндүкэлектр” ишканасы концессияга берилет


БИШКЕК. Жаңы жылдан баштап “Түндүкэлектр” ишканасы концессияга берилет. Ал эми электр энергиясына баа кымбаттабашы керек. Электр тармагы жеке менчикке өткөрүлмөйүнчө андагы иш тартипке келтирилбейт. Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев 23-ноябрда өкмөттүн жыйынында билдирди. Анын айтымында, келерки жылы экономикалык өнүгүүнү 8 пайызга жеткирүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Ишканалардын өндүрүшүн 5,8%, айыл чарбасынын өндүрүшүн 6%, тейлөө кызматын 9,1%, курулушту 20% көтөрүү керек. Өлкө башчы ошондой эле Талдыбулак, Жерүй кени ишке киргизилерин, буга чейин жарым жартылай иштеп аткан 16 ишкананы жандандырып, аты аталып жүргөн, бирок иштебей калган жүзгө жакын ишканалар жабыларын белгиледи.

XS
SM
MD
LG