Ирактын президенти Жалал Талабани Иранга үч күндүк сапарын аяктап, Багдад жакын коңшусу менен мыкты мамиле түзүүгө кам көрөөрүн билдирди. Тегерандан кетээр алдында кабарчылар менен сүйлөшкөн Талабани Иран менен кызматташууда чек жок экенин жана Тегеран Иракта туруктуулук орношуна кызыкдар экенин белгиледи. Талабани ошондой эле сапарынын жемиштүү болгонун айтып, мисал катары, Иран бир миллиард доллар насыя, 10 миллион доллар жардам бермек болгонун жана газ, мунай тармагында кызматташуу боюнча макулдашууга жетишилгенин маалымдады.