Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Кытайдын Харбин шаарында таза суу көйгөйү чыкты


Кытайдын экология боюнча өкүлдөрү химиялык заводдогу жарылуу Харбин шаарындагы таза суу системасына коркунуч келтире баштаганын кабарлашты. Мындан 10 күн мурда болгон жарылуу Сунгари дарыясына уулуу заттардын толуп кетишине алып келип, бир нече миллион адам жашаган Харбинде таза суу көйгөйүн жаратты. Кытайдын айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгы Сунгари дарыясындагы бензолдун курамы коопсуз деңгээлден 108 эсе ашып кеткенин маалымдашты. Орусиянын бийликтери бул аймакка чектеш Хабаровск чөлкөмүндөгү абалга байланыштуу тынчсыздануусун билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG