Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:40

Ооганстандагы апийим өндүрүшү кайра өсүшү ыктымал


Бириккен Улуттардын Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын жетекчиси Антонио Мариа Коста кечээ күнү тараткан малыматка караганда, Ооганстандагы апийим өндүрүшү улам өсүп баратат:

- Биринчиден, бизге келип түшкөн жаңылыктар көрсөткөндөй, айрым провинцияларда апийим уруктары элге бекер таратылууда жана 2006-жылы апийим өндүрүшү бир топ өсүшү күтүлүүдө. Экинчиден, апийим өндүрбөгөн провинцияларда коопсуздук чаралары акыркы мезгилде начарлады жана келерки жылда бул аймактарда дагы апийим өндүрүү көбөйүшү ыктымал.

Анткен менен, Костанын айтымында, 2004-жыл менен салыштырганда, апийим себилген аймактардын өлчөмү 21 пайызга кыскарган.

XS
SM
MD
LG