Орусиянын чыгышындагы Хабаровск шаарынын жетекчилиги бүгүн шашылыш жыйын өткөрүп, мүмкүн боло турган табигый кырсыктын алдын алуу маселелерин талкуулай баштады. Шаар турган Амур дарыясына куйган Сунгари дарыясында жайгашкан кытай химиялык ишканасында 13-ноябрда жарылуу болуп, сууга бир топ уу заттары кошулган. Бүгүн ал ууланган суу Кытайдын Харбин шаарына жетти, анда бир нече миллион адам жашайт, Харбин Хабаровсктон 700 чакырым алыстыкта жайгашат, суу агымынын ылдамдыгы болсо күнүнө 100 чакырым болгондуктан, булганган суу Хабаровск шаарына бир аптада жетет.