ЖАЛАЛАБАТ. Облустун электр жарыгына болгон карызы былтыркыдан 51 пайызга көбөйүү менен 187 млн. сомдон ашып кетти. Анын 114 млн. сомго жакыны элдин карызы. Электр акысына өзгөчө тоолуу жана жумушсуздугу менен жакырчылыгы басымдуу аймактардагы жарандар бөтөнчө көп карыз болууда. Аксы районунда карыз 181 пайызга, Алабука районунда 137, Базаркоргон жана Чаткал райондорунда 80 пайыздан ашык өсүп кеткен. Ноокен районунда казыналык мекемелердин карызы бир жарым эсеге жакын. Мындай маалымат 24-ноябрда облустук бийликтен алынды. Калктын карызын төлөөгө болгон жарамсыздыгы анын улам көбөйүүсүнө алып келүүдө. Социалдык коргоонун алсыздыгы менен элдин жашоосунун төмөндүгү, алар өстүргөн айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн бааларынын арзандыгы жана көмүр, отундун кымбат баада сатылышы менен кайдыгерлик да карыздын көбөйүшүнө кошумча себеп болууда. Отун, көмүр сатып алууга кудуретсиз үй-бүлөлөр кышка даярдана албай, электр кубатын ашыкча иштетүүдө.