Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Айыл өкмөт башчыларын шайлоодо түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылбы?


БИШКЕК. Бүгүнкү күндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин шайлоо алдындагы түшүндүрүү иштери жетишсиз жүргүзүлүүдө. Жер-жерлерде айыл-айылдарга, уруу-урууларга бөлүнүү көрүнүштөрү күч алууда. Бул тууралуу айыл жана поселкалардын жергиликтүү органдарынын ассоциациясынан билдиришти. Аталган уюмдун өкүлдөрү белгилешекендей, 17-декабрга чейин бардык жерлерде өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн милдеттер, кандай иштерди аткараары тууралуу жана аларга татыктуу жетекчилерди шайлоонун зарылдыгы тууралуу түшүндурүү иштерин жүргүзүү керек. 18-декабда өлкөдөгү 359 айыл өкмөтүндө жана 10 шаарчада жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо өтөт. Кыргызстанда 1846 айыл 471 айыл өкмөтүнө бириккен.

XS
SM
MD
LG